14.01.2019 15:00

Кубанычбек Кулматовду 31-январга дейре камакта калтыруу чечими күчүндө калтырылды

Кубанычбек Кулматовду 31-январга дейре камакта калтыруу чечими күчүндө калтырылды

Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү, мурунку мэр Кубанычбек Кулматовду 31-январга дейре камакта калтыруу тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечим бүгүн, 14-январда жабык өткөн соттук отурумда кабыл алынды, деп билдирет КСДПнын маалымат кызматы.

«Сот айыпталуучуну камакта кармоо мөөнөтүн узартуу  үчүн конкреттүү фактыларды же жагдайларды келтирүү зарылдыгы жазылган КР мурунку дагы, азыркы дагы Кылмыш-процессуалдык кодексине көңүл бөлбөй койду. Прокурор дагы, тергөөчүлөр да Кубанычбек Кулматовду камакта кармоого негиз болуучу фактыны келтире алышкан жок», - деп билдирди жактоочу Сергей Слесарев.

Анын айтымында, кылмыш иш боюнча экспертиза мыйзамды бузуу менен өткөрүлгөн. «Иштин материалдары менен таанышып чыгып, мен Кулматовго каршы ишти жөн гана ойдон чыгарып жаткандарын дагы бир ирет тастыктай алам. Ал мектепти курууга катышкан эмес, болгону куруу демилгесин көтөргөн, бирок, коррупцияга айыптап, камакта кармап жатышат. Коррупция - жеке пайда көргөнүн далилдөөнү талап кылган кылмыш. Бирок, бу тергөөнү ойлондурбайт окшойт: алар мектепти куруудан кулматов кандай жеке пайда көргөнүн далилдешкен жок. Мен экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштым, ал мыйзамды бузуу менен алыныптыр. Кылмыш ишин ойдон чыгарып, Кулматовду отургузуу мөөнөтүн дагы да узартууга аракет кылып жаткандары көрүнүп эле турат», - деп эсептейт Сергей Слесарев.